МЕНЗУЛА СЪЁМКАСЫ
МЁНЗУЛА СЪЁМКАСЫ — талаа шартында кипригель менен мензуланы колдонуп, масштабы 1:500, 1:1000, 1:2000, 1:5000ге барабар болгон жердин топогр. планын түзүү. Координата торчосунан турган планшетте рейка аркылуу ошол жердин бийиктиги, контуру, рельефи, аралыктары чекит менен белгиленет. Бирдей бийиктиктеги чекиттер бири-бири менен туташтырылып, аймактын айрым элементтери (суу, көл, жол, кыштак ж. б.) көрсөтүлөт, планы түзүлөт. Шарттуу белгилер, масштаб берилет.