МЕНДЕЛЕЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕНДЕЛЕЕВ Дмитрий Иванович [27. 1(8.2). 1834, Тобольск - 20. 1(2. 2). 1907, Санкт-Петер­бург] - химиялык элементтердин мезгилдик законун ачкан орус химиги, илимпоз, педагог жана коом­дук ишмер. Санкт-Петербург педагогикалык институтунун физикалык-математикалык факультетин бүтургөн (1855). 1857- жылдан Санкт-Петербург университетинде органикалык химия курсу­нан лекция окуп, 1861-жылы «Органикалык химия» ки­теби жарык көргөн. Санкт­Петербург университетинин жана Санкт-Петербург технол. ин­тунун проф. 1869-жылы эле­менттердин мезгилдик зако­нун ачкан. Ал мезгилдик системанын бир нече вариантын түзүп, анын негизинде белгилүү эле­менттердин ат. с-н, ондогон жана белгисиз эле­менттерди, алардын касиеттерин алдын ала айт­кан. М-дин мезгилдик системасы органикалык эмес хи­мияны окуп билүүдө жана изилдөөдө негизги көр­сөткүч карта болуп калган. 19-к-дын аягы - 20- к-дын башында инерттүү газдардын ачылышы мезгилдик законду андан ары бекемдеди.

Атом­дун түзүлүш теориясы М. элементтерди ат. н-нин өсүү тартиби менен туура жайгаштырганын далилдеген. Мезгилдик закон химиянын негиз­ги закондорунун бири болуп, М-дин «Химия­нын негиздери» деген китебинин негизин түзгөн. Эритменин компоненттеринин ортосундагы өз ара химиялык аракеттенишүү жөнүндөгү түшүнүк эритме­лер жөнүндөгү азыркы окууну иштеп чыгууда маа­ниси чоң. М. нефть, көмүр, металлургия жана химия ө. ж-на өзгөчө көңүл буруп, нефть түтүк­төрүн курууга, химиялык сырьё катары нефтини ар тараптан пайдаланууга демилгечи болгон. Көмүрдү жер алдында газга айландыруу жөнүндөгү ойду 1-жолу айткан. Анын 500дөн ашык эмге­ги химия, химиялык технология, физика, метеоро­логия, а. ч., экономика, эл агартуу ж. б. масе­лелерге арналган. М. сода, күкүрт кислотасы,

ми­нерал жер семирткичтерди жергиликтүү сырьёлордон өндүрүүнү көбөйтүү негизги максат деп эсепте­генетикалык Ошондой эле өлкөнүн табигый байлыктарын өз­дөштүрүү программасын көп жыл мурда алдын ала белгилеген. Ал а. ч. маселесине да көңүл бөлүп, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн фосфорит, суперфосфат, азот жана калий жер се­мирткичтерин органикалык жер семирткичтер менен бирге пайдалануу зарылдыгын айткан. М. - метроло­гия боюнча да бир нече эмгектин автору. Ал эл агартуу ишине да чоң көңүл бурган. Көрүнүктүү окумуштууларды (В. И. Вернадский, В. Л. Ко­маров, Д. П. Коновалов, Н. С. Курнаков ж. б.) тарбиялаган. М. - Орус химиялык коомун негиздөөчү­лөрдүн бири. Москва химиялык-технол. институту, Түндүк Муз океандагы суу алдындагы кырка тоо, Ку­рил а-дагы аракеттеги жанартоо, минерал (мен­делеевит) ж. б. объектилер М-дин ысмынан аталган. Америкалык окумуштуулар синтездеп алган 101-элементке менделевий (Мб) деп М-дин ысмы ыйгарылган. 1964-жылы Брижпорт университетиндеги (АКШ) дүйнөдөгү улуу окумуштуулардын Ардак тактасына жазылган.

Ад.: Фигурновский Н. А. Дмитрий Иванович Мен­делеев. 2-е изд. М., 1983. Летопись жизни и деятельности Д. И. Менделеева. Л., 1984; Кедров Б. М. День одного великого открытия. М., 2001.