МЕДИЦИНА
МЕДИЦИНА (латынча medicina; medeor - дарылайм, айыктырам) - адамдын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, ооруларды алдын алуу, дарылоо максатын көздөгөн практикалык чаралар жана илимий тармак. М. тарыхый узак өнүгүштүн натыйжасында калыптанган. Анын өнүгүү деңгээли, мазмуну, абалы турмуштун материалдык шартына, социалдык-экономикалык түзүлүшкө, маданияттын жалпы деңгээлине, илим менен техниканын жетишкендигине байланыштуу. М. биология, физика, химия илимдери менен тыгыз байланышта. Ал илимий комплекс катары медициналык-биол. клиникалык, медициналык-социалдык жана гигиеналык тармактардан турат. Медициналык-биол. тармагына анатомия, гистология, цитология, физиология, фармакология, микробиология, медициналык генетика ж. б. кирет. Клиникалык тармагы - терапия, педиатрия, фтизиатрия, урология, психиатрия, дерматология жана венерология, медициналык радиология жана рентгенология, акушерлик жана гинекология, хирургия, травматология жана ортопедия, нейрохирургия жана онкология, офтальмология ж. б. Медициналык-социалдык жана гигиеналык тармагы чөйрөнүн организмге тийгизген таасирин, калктын саламаттыгын сактоо чараларын изилдейт. Табыптык кылуу адамдын алгачкы жашоо мезгилинде эле пайда болгон. Көп жылдар бою байкоолордун жана тажрыйбалардын негизинде келип чыккан элдик М-нын дарылоо ыкмалары муундан муунга сакталып келген. Алдын алуу жана дарылоо табигый факторлордун, өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган дарыларга чоң маани берилген. Байыркы грек врачы Гиппократ оорулардын пайда болуу себептерин жазып, аларга диагноз коюуда, дарылоого чоң салым кошкон. Байыркы Рим врачы К. Гален анатомия, физиология, патология, терапия, акушерлик, гигиена, фармакология боюнча маалыматтарды жалпылап, М-нын илимий системасын түзүүгө аракеттенген. М-нын өнүгүшүнө Ибн-Сина (Авиценна) да көп салым кошкон. Анын «Врачтык илимдин канону» аттуу эмгеги медициналык билимдердин энциклопедиялык жыйындысы болгон. Кайра жаралуу доорунда А. Везалий өлүктү союп көрүп, дененин түзүлүшүн жана функциясын сыпаттап жазган. Англ. врач У. Гарвей кан жөнүндө окууну ачкан. Фр. врач А. Паре хирургияга алгачкы илимий негиз салган. Клиникалык байкоолорду, өлгөндөн кийин аны союп, салыштыруу методун колдонуу патал. анатомия жана гистологиянын калыптанышына алып келген. Немис илимпозу Г. Гельмгольц көрүү органынын физиологиясы боюнча эмгегин жазган жана офтальмология илими өнүккөн. Россияда И. М. Сеченовдун «Мээнин рефлекстери» аттуу эмгеги, С. П. Боткиндин ички оорулардын клиникасына негиз салышы ж. б. орус терапиясынын даңкын чыгарган. 19-к-дын 2-жарымында М-нын жаңы илимий-практикалык тармактары пайда болгон, мисалы, педиатрия, невропатология, психиатрия ж. б. Дарылоо М-сы менен катар алдын алуу да өнүгө баштаган. Англ. врач Э. Женнер чечекке каршы вакцинаны ачкан. Австр. врач И. Земмельвейс төрөттөн кийинки сепсистин себебин таап, дезинфекция методун сунуш кылган. Л. Пастер жугуштуу ооруларды микробдор пайда кыларын далилдеген. Орус окумуштуусу Д. И. Ивановский вирусологияга, рентген нурунун ачылышы рентген-диагностикага негиз салган. И. И. Мечников организмдин инфекцияга туруктуулугун - иммунитетти ачкан.
Голландиялык физиолог В. Эйнтховендин, орус физиологу Н. Ф. Самойловдун жүргүзгөн иштеринен кийин жүрөк ооруларын аныктоо үчүн электр кардиография киргизилген. Техникалык прогресстин натыйжасында М-нын жаңы тармактары пайда болду. Мисалы, авиация жана космос М-сы. Организмдин тукум куугучтугу жана өзгөргөчтүгүнүн закондору жөнүндөгү генетика илими пайда болду. Генетикалык код ачылгандан кийин тукум куума оорулардын себептерин табууга жана медициналык генетиканын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 19-к-да фр. окумуштуу Ш. Броун-Секар ж. б-дын ички секреция бездери жөнүндөгү окуусу эндокринология илими болуп калыптанган. 1921-жылы канадалык физиологдор Бантин менен Бестин инсулинди ачып, кант диабетин дарылоого мүмкүндүк түзүлгөн. Алдын алуу жана дарылоонун маанилүү жолдорунун бири диспансерлөө болуп эсептелет. М-нын өнүгүшүнө орус патологдору Н. Н. Аничков, Анын Ичинде Абрикосов ж. б., физиологдор И. П. Павлов, П. К. Анохин ж. б. чоң салым кошушкан. Ички оорулар клиникасы боюнча В. П. Образцов, Н. Д. Старжеско, Г. Ф. Ланг ж. б. журөк инфаркты, стенокардия, кан айлануунун жетишсиздиги, кант диабети, кан оорулары ж. б-ды ийгиликтүү изилдешкен. Хирургия ар тараптан өнүгүп, аскерталаа хирургиясы, кырсыктын көбөйүшү менен травматология, ортопедия, нейрохирургия, урология ж. б. өнүктү. Кардиохирургиянын калыптанышы Н. Н. Бакулев, Г. В. Петровский, Н. А. Вишневский, И. К. Ахунбаев, С. Жошибаев ж. б. хирургдардын ысмы менен байланыштуу. 20-к-дын башында онкология илими өнүгүп, ага Н. Н. Петров, П. А. Герцен негиз салган. Азыркы М-нын алдында жүрөк-кан тамыр ооруларын, зыяндуу шишиктерди алдын алуу жана дарылоону изилдөө, вирустардын молекулалык биологиясын, вирус инфекциясын, иммунология ж. б. андан ары изилдөө проблемалары турат. Кыргызстанда медицина илими медициналык атайын илимий мекемелердин, айрыкча КММИнин ачылышы (1939, азыр КММА) менен байланыштуу. Климаттык географиялык шарттардын өзгөчөлүгү ысык булактардын, дары баткактардын көптүгү, санаторий-курорттук дарылоонун өнүгүшүн шарттады. 1950- жылдары жүрөк-кан тамыр системасынын физиологиясы жана патологиясы боюнча изилдөөлөр башталган. Бийик тоолуу р-ндордо жашагандардын жүрөк-кан тамыр системасынын иштөө өзгөчөлүгүн аныктоо, дарылоо жана гипертония оорусу тоодо жашагандарда аз жолугары аныкталган. 1977-жылы М. М. Миррахимов жетектеген Кыргызстан кардиология ИИИ (азыркы Улуттук кардиология жана терапия борбору) ачылып, анда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуу боюнча илимий изиздөө иштерин жүргүзүлөт. Респ-да ревматизмдин клиникасы жана таралыш өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү ревматологиянын калыптанышына өбөлгө түзгөн. Эндокринология проблемаларын И. К. Ахунбаев, Ү. Байзаков, И. Т. Калюжный ж. б. изилдешкен. Эндемиялык богоктун таралышы йод менен алдын алуу иштерин жүргүзүү менен төмөндөгөн. Хирургия боюнча илимий багыттардын ичинен богок бездерин (И. К. Ахунбаев ж. б.), өт жолдорунун таш оорусун (М. Мамакеев, 3. Игембердиев), карын жана он эки эли ичегинин жарасын (К. Рыскулова, Э. X. Акрамов ж. б.) дарылоо кеңири белгилүү. Жүрөк-кан тамыр хирургиясын өнүктүрүүдө И. К. Ахунбаевдин жана анын шакирттеринин (С. Жошибаев, Н. Н. Маралов, Ү. Байзаков, М. Намазбеков) эмгеги зор. Нейрохирургия боюнча М. Мамытов, хирургиялык-ортопедия боюнча С. А. Жумабеков уникалдуу операцияларды жасап, М. илимине чоң салымдарын кошууда.
Ад.: Популярная медицинская энциклопедия. М. 1979; Ден соолук. Медициналык энциклопедия. Ф. 1991; Сорокина Т. С. История медицины. 9-е изд. М., 2009. Б. Бегалиева.