МЕДВА
МЕДВА - Түштүк Кыргызстандагы о. кылымдарга таандык шаар. Араб географы ибн Хаукал (10-кылым) бул шаарды Оштон алыс эмес десе, ал эми алИдриси (12-кылым) «Оштон Медвага чейин 2 фарсах» (12 чакырымдай) деп белгилеген. Бул шаар Ош ш-нан 12 км чыгышта Ош - Гүлчө автомобиль жолунун боюнда жайгашкан Мады шаар калдыгы болушу мүмкүн деген пикир бар.