МЕАНДР (орнамент)
МЕАНДР - ичке тилке түрүндөгү үзгүлтүксүз линиянын тик бурчта сыңышынан же спираль түзүүчү үзгүлтүксүз ийри сызыктан түзүлгөн геометриялык
орнамент түрү. Түркиядагы ийрибуйру болуп аккан Меандр (азыр Чоң Мендерес) д-нын атынан

аталган. Неолиттен белгилүү. М.
антикалык көркөм искусстводо жана архитектурада кеңири колдонулган, кыргыз жасалга-колдонмо өнөрүндө да көп кездешет.