МАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАФИЯ (итал. mafia) - коркутуп-үркүтүп, зор­доо, өлтүрүү, шантаж жасоо ыкмалары менен ара­кеттенүүчү жашыруун кылмыштуу уюм же топ; Түштүк Италияга мүнөздүү «үй-бүлөлүк» (клан­дык) жамааттык уюмдун аты. М. 18-к-да Ита­лиянын Сицилия а-нда калктын өзүн-өзү кор­гоочу уюму же жер ээлеринин жекече сакчысы катары пайда болгон. 20-к-да Италияда, ошондой эле итал. диаспора аркылуу бир катар башка өлкөлөрдө кылмыштуу бизнеске (соода), сойку­лукка ж. б. көзөмөл жүргүзүп, коомдун саясий түзүмдөрү менен ымалашкан. М-нын өзгөчө кри­минол. феномен катары айрыкча белгиси - үй­бүлөлүк (кландык) уруулук адат-салттарды, байланыштарды пайдаланышы, бул М-га өзгөчө туруктуулук жана бекем башкаруучулук мүнөз бе­рет. М. кландардан турган жана жакшылап уюш­турулган системага ээ, мындай клан өкүлдөрүнөн бириккен кеңеш түзүлөт. Азыркы учурда «М.» деген термин көбүнчө уюшкан кылмыштуулук­тун синоними катары да колдонулат.

Ад.: Дикки Р. Соза МозЪга. История сицилийской мафии. 2-е изд. М., 2007.