МИСТЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИСТЕ (Р1з1ас1а) - өсүмдүктөрдүн сумахтар ту­кумундагы жаңгак данектүүлөр уруусу; жалбы­рагы күбүлмө дарак жана бадал. Жапайы Мененин Сирия менен Кичи Азияда 20 түрү, Орто Азия жана Азербайжанда 2 түрү - кадимки М. менен тегерек жалбырактуу М. өсөт.

Кадимки М. - көп сөңгөктүү (би­йикт. 5-10 м) да­рак, айрымдары калың шактуу, жыш тамырлуу бадал. Кыргызстандын түштүгүндө 50 миң гадай жерди ээлейт. Кургакчы­лыкка жана суукка (-25°С) байымдуу. Жалбырагы та­таал, кабыктуу, гүлү кош жыныс­туу, чачы сымал; апрелде гүлдөйт. Мөмөсү бир да­нектүү, кабыгы катуу. Айрымдары 350-400 жыл мөмөлөйт. Да­негинде 54-60% май, 18-25% белок жана 16,7% азотсуз зат болот. Данеги желет жана андан кон­дитер өндүрүшүндө керектелүүчү баалуу май алынат. Чайырынан лак, боёк жасалат. 8-10 жылдык бир түп дарагынан 30-45 кг түшүм алы­нат. Негизги сорттору: Вахш, Экстра, Гигант ж. б. Тсгерек жалбырактуу М. - бийиктиги 10-20 м дарак, Кичи Азияда, Балкан жарым а-нда, КМШ өлкөлөрүндө - Крым менен Кавказда өсөт. Мөмөсү желбейт, анда 60% май (самын жасоодо пайдаланылат) болот.