МИССУРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИССУРИ (жергиликтүү индей тилинде - булганыч дарыя) - АКШдагы дарыя, Миссисипинин ири оң куймасы. Узундугу 4088 км (башка маалыматтар боюнча 3970 км~), алабынын аянты 1370 миң км2 (анын 16,84 миң кл«2дейи Канаданын аймагын­да). Аскалуу тоолордун чыгыш капталдарынан, Йеллоустон улуттук паркынын чегинен баштал­ган Жефферсон (негизги түзүүчүсү) жана Мадисон сууларынын кошулушунан пайда болот. Жогор­ку бөлүгү Аскалуу тоолор, Миссури платосу (ай­рым жерлеринде капчыгай менен агып, босого­лорду пайда кылат), Борбордук түздүктөр (мында нук­тары туруксуз, жайык жайылмаларынын

жээк­терине ташкындан коргоо үчүн тосмолор курул­ган) аркылуу агат. Ири куймалары: Йеллоустон, Платт, Канзас. Жогорку бөлүгүндө кар, ортон­ку жана төмөнкү агымдарында негизинен жам­гыр сууларынан куралат. Жазында суусу кирип (деңгээли чатында 12 мге чейин көтөрүлөт), ташкындайт; жайында тартылат. Орт. чыгымы чатында 2600 м?/сек (эң көбү 19 миң м?/сек, эң азы 120-150 м?/сек). Суусу өтө киргилт, ылай­луу. Жылына 220 миллион т шиленди агызып ке­лет. М-деги жана анын алабындагы ири суу сак­тагычтар (Форт-Пек, Гаррисон, Оахе) дарыя агы­мын, ирригацияны, энергетиканы жөнгө салып турат. Ири дарыя кемелери Су-Сити, чаканда­ры суусу мол кезде Форт-Бентон ш-на чейин жетет. Маанилүү ш. жана порттору: Омаха, Кан­зас-Сити ж. б.