МИРКИ
МИРКИ - о. кылымдарга таандык шаар. Азыркы Казакстандын Жамбыл обл-ндагы Мерке ш-на жакын жайгашкан. М. алгач араб географтары Ибн Хордадбек, Кудама жана Мукаддасинин ж. б. эмгектеринде эскерилет. Хордадбек боюнча Куландын чыгышындагы чоң кыштак (Бирки) же Аспарадан 4 фарсах (болжол менен 25 чакырым) батышта жайгашкан. Кудамада жана «Худуд ал-Аламда» карлуктарга.караган айыл болуп, соодагерлер тынымсыз каттап турган делет. Мукадасси сепил менен курчалган шаарча экенин белгилеген.
Ад-: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня, Памиро-Алая. М.; Л., 1952. А. Ш. Махаева.