МИКРОПРОЦЕССОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКРОПРОЦЕССОР (микро... жана процессор) - жеке компьютердин борбордук процессорунун мил­детин аткарып, өзүнчө интегралдык схемада маалымат иштеп чыгуучу, программалуу баш­карылма түзүлүш. Ал негизги эстен буйруктар­ды жана иштелип чыгуучу маалыматтарды те­риштирет, буйруктардын коддорун чечет; арифметикалык, логикалык ж. б. операцияларды атка­рат; маалыматтарды негизги эске киргизүү-чы­гаруу түзүлүшүнүн жардамы менен алмашат жана кайра иштетет; үзүлүү сигналдарын кайра иш­теп чыгат ж. б. Ал микро-ЭЭМде жана автомат­тык башкаруу системасында колдонулат, ошондой эле к. Борбордук процессор.