МЕЦЦО-ТИНТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЦЦО-ТЙНТО (итал. тегго - орто жана tinto - боёлгон, түстөлгөн) - металлга терең басып түшүрүлгөн гравюранын бир түрү. М.-т. гравю­расына форма даярдаган кезде жез тактанын жылмаланып жалтыраган бетине механикалык же химиялык ыкма менен быдыр түшүрүлөт. Баскан кезде мын­дай тактадан тегиз кара түс түшөт. Тактадагы сүрөттүн түстүү жерлери дал келген бөлүктөрү чуңкурайтылат, жылмаланат жана сырдалат, таза же боёк сүйкөлгөн быдыр бетине ийне же калем менен сүрөт тартылып, өңү ачыгыраак бо­луучу жерлери тегизделет, көлөкөдөн жарыкка өткөндө агара тургандай түр берилет. Өтө агыш жерлерин тегиздегич жана шабер менен тегиздешет. Сүрөтчү штрих менен эмес (офорт же оюп кесил­ген гравюрадагыдай), түстүк тактар менен кара­дан агышты көздөй иштейт. Бул ыкма түстүү басуу ыкмасында да колдонулат. М.-т-ну немис устасы Л. Зиген 17-к-дын ортосунда ойлоп чы­гарган. 18-кылым-19-к-дын башында Англияда, Францияда, Россияда өнүккөн.