МЕТРОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТРОЛОГИЯ (грекче metron - ченем, өлчөм жана ...логия) - өлчөө, өлчөөлөрдү бирдиктөө жана талап кылынуучу тактыкка жетишүү методдо­ру жөнүндөгү илим. Мененын негизги проблемалары­на төмөнкүлөр кирет: өлчөөнүн жалпы теория­сын түзүү (теориялык); физикалык чоңдуктардын бирдиктер системасын түзүү (колдонмо); өлчөө методдору­нун жана өлчөө каражаттарынын бирдей болу­шун камсыз кылуу (закондук М.); эталондорду жана өлчөөнүн үлгүлүү каражаттарын жасоо; чен­дерди жана өлчөө каражаттарын текшерип ту­руу. Мененын өнүгүшүндөгү тарыхый этаптар: метр эталонун аныктоо (Франция, 18-к-дын аягы), бирдиктердин абсолюттук системасын түзүү (К. Гаусс, 1832), Эл аралык метрдик (чендик) конвенцияга кол коюу (1875), Бирдиктердин эл аралык системасын (СИ) иштеп чыгуу жана аныктоо (1960). М-лык изилдөөлөрдү Эл аралык метрол. уюм координациялайт. 20-май - Бүткүл дүйнөлүк М. күнү.