МЕТИЛАМИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТИЛАМЙН, СН3ИН2 - алифаттык эң жө­нөкөй амин, молекулалык салмагы 31,06; аммиак жыт­танган уулуу газ; кайноо 1 6,32°С; сууда, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Оңой күйөт жана аба менен жарылуу коркунучун алып келген аралаш­маларды пайда кылат. Ал - күчтүү негиз; М. касиеттери жагынан биринчилик аминдерге ок­шош, кислоталардын ангидриддери, галоген ангид­риддери жана эфирлери менен кислоталардын. метила­миддерин пайда кылат. Этилендин кычкылы менен метилдиэтаноламинге айланат. Ө. ж-да фор­малинге хлордуу аммонийди кошуп ысытуудан алынат. М. инсектициддерди, фунгициддерди, беттик активдүү заттарды, дары-дармектерди жана антрахинон боёкторун алууда колдонулат.