МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РАКЕТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РАКЕТА - атм-нын жо­горку (50 кжден жогору) катмарынын түзүлүнгүн (басым, температура, тыгыздык, курам ж. б.), ша­малдын багытын, күчүн, ылдамдыгын изилдөөчү аспаптар (приборлор) менен жабдылган учуучу ап­парат. Массасы 300-400 кг, 100-150 км бийик көтөрүлө алат. Ар кандай географиялык аймактан (Арктика, Антарктика ж. б.), пункттан (кур­гактык, деңиз ж. б.) учурат. Атм-нын температурасы каршылык термометри же эки монометр менен че­нелет. Атм-нын курамын спектрометр менен анык­тайт. Топтолгон маалыматтар радио сигнал ар­кылуу телеметрия станциясына жөнөтүлөт. Шамалдын багытын, күчүн, ылдамдыгын анык­тоодо М. р-нын аспап орнотулган бөлүгу пара­шют менен жерге түшүрүлөт.