МЕТАГАЛАКТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАГАЛАКТИКА (мета... жана галактика) - Ааламдын азыркы астрономиялык методдор менен изилде­нүүчү бөлүгү. Биздин Галлактика же Саманчы жолу - Мененын курамына кирген жылдыз систе­маларынын бири. Кубаттуу телескоп менен Мененын көбүрөөк аймагын көрүүгө болот. 20-к-дын ири телескобу менен байкоо аркылуу бизге белгилүү жарык тумандуулуктар, зор жылдыз система­лары экени аныкталган. Бул Мененын өнүгүшүнө түрткү болду. М-да галактикалардын 17% и эл­липстик галактикалар, 80% и спиралдык, ал эми 3%ке жакыны формасыз экендиги далил­денди.