МЕКСИКА БОЮ ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕКСИКА БОЮ ОЙДУҢУ Түндүк Американын түштүк-чыгышында, АКШ менен Мексикада. Мек­сика булуңун жээктей созулуп, түндүк-чыгышын­да Атлантика бою ойдуңуна туташып, жалпы Жээк түздүктөрү деп аталат. Туурасы 350 кмге чейин. Нефть жана газ кендерине бай (Мексика булуңу нефть-газдуу бассейни) деңиздик чөкмө тектерден (калындыгы 6000-10 000 м) турат. Жеринин бети түндүктү карай 150 м бийиктик­ке чейин акырындап көтөрүлүп, бири-бирине жа­рыш жаткан бир нече куэста жалчаларын пай­да кылат. Ойдуң аркылуу ири дарыя өрөөндөрү (Миссисипи, Алабама, Бразос, Рио-Гранде) өтөт. Жээктеринде лагуналар жана эстуарийлер бар. Климаты субтропиктик, түштүк-батышында тро­пиктик. Жылдык жаан-чачыны батышында 600-800 мм, чыгышында 1200-1500 мм. Ойдуң­дун 73 бөлүгүнөн ашыгын мырза карагайлуу жана аралаш токой ээлейт; батышына саванна мүнөздүү. Гозо, тамеки, бал камыш өстүрүлөт. Ири порт шаарлары: Жаны Орлеан, Хьюстон (АКШ), Тампико, Веракрус (Мексика).