МЕЙИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЙИЗ - кургатылган жүзүм. Ал уруксуз (киш­миш) жана уруктуу, жемиши ири, кабыгы жука, 20% тен кем эмес канты бар жүзүм сортторунан (ак кишмиш, кара кишмиш, нимранг, ризамат ж. б.) даярдалат. Жүзүм шиңгили менен (20-30 күн) кургатылат же атайын щелочтун (0,2- 0,4% түү) ысык эритмесинде бир нече секунда кармап, анан 7-10 күн же щелочтун эритмеси­не салгандан кийин күкүрттүү газ менен ыштап (1-1,5 с), анан көлөкөдө төрт тарабында тешик­тери бар желдетилүүчү жайда 4-8 жума курга­тылат. Жүзүм сортуна, даярдоо жана кургатуу ык­масына карата М. бидана, сабза, саяки, шига­ни, гармиан, авлон болуп айырмаланат. М-де (кургак затына карай) 80-85% кант, 0,5-3% органикалык кислоталар, 2,3% азоттуу заттар ж. б. болот. М. кондитер жана нан бышыруу ө. ж-нда жана та­мак-ашка колдонулат.