МАЯТНИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЯТНИК - кыймылсыз чекиттин же октун айланасында тышкы күчтөрдүн таасири менен тер­мелүүчү катуу нерсе. М-тин термелүү огу нерсе­нин оордук борбору аркылуу өтпөөгө тийиш. Жөнөкөй М. уз. I болгон жипке асылган, сал­магы жеңил

жүктөн турат. Эгерде жүктүн өлчөмү жип. узундугунан кичине болсо, ал жип чоюл­байт деп эсептеп, жүктүн өлчөмүн эске албай материалдык чекит катары карасак, анда ма­тем. М. болуп эсептелет (а сүрөт). Эгер терме­лип жаткан нерсе материалдык чекит болбо­со, анда физикалык М. болуп эсептелет. Математикалык М. - эгерде М-ти тең салмактуу абалынан С чекити­не алып барып, кандайдыр бир ылдамдыкта коё

Маятниктер: а) ма­тематикалык, б) фи­зикалык.

берсе, М. тик тегиздикте термеле баштайт жана С чекити айлананын жаасы боюнча кыймылдайт.

Бул учурда М-тин абалы координата (<р) бурчу менен аныкталат. Жалпы учурда М-тин термели­ши гармониялык болбойт жана термелүү мезги­ли Т амплитудага көз каранды. Эгер М-тин кый­шаюусу аз болсо гармониялык термелүү жасайт жана анын термелүү мезгили Т = 2т^1/ § , мында § - эркин түшүүнүн ылдамдануусу. Физикалык М. - оордук күчүнүн таасири менен асманын горизон­таль огунун айланасында термелүүчү катуу нер­се. Мындай М-тин кыймылы айланма математикалык М-тин кыймылына толук окшош. Кыйшаюу бур­чу <р кичине болсо, гармониялык термелүү жа­сайт жана термелүү мезгили Т = 2п^1 / М§1, мын­да I - асманын огуна салыштырмалуу М-тин инерция моменти, I асманын огунан (О) оордук борборуна (С) чейинки аралык, М - М-тин мас­сасы. М-тин касиеттери сааттарда, нерсенин оордук күчүнүн ылдамдануусун, инерция момен­тин аныктоочу приборлордо, гироскопиялык түзүлүштө ж. б. кеңири колдонулат (к. Фуко маятниги).