МАШААН КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАШААН КӨРҮСТӨНҮ - 2-4-к-да жашаган уруулардан калган мүрзөлөр. Алай өрөөнүндөгү Дароот-Коргон кыш-на жакын жерден табыл­ган. Көрлөрү төрт бурчтуу (2x3 жана 10x12 м) ко­румдардан курулуп, өлүк казанакка (катаком­бага) коюлган. Андагы адамдардын баш сөөктө­рүнүн түзүлүшүнө караганда алар чыгыштан жер ооп келген деп болжоого болот. М. к-н 1947-жакынкы чыгыш таануучу А. Н. Бернштам, 1966-жылы ар­хеолог А. К. Абетеков изилдеген.