МАХОВИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХОВИК,күүлөндүргүч дөңгөлөк­машина валына орнотулуучу чоң алкактуу (мас­сивдүү) дөңгөлөк. М. поршендүү кыймылдаткыч­та, компрессордо, насосто ж. б. машиналарда, башкы валдагы айлануу моменти бир калыпта болбогон учурда аккумулятор катары колдонулат. Ал кыймылдаткычтын валына таасир эт­кен күчтү тең салмактап, аз кубаттуулуктагы кыймылдаткычты колдонууга мүмкүнчүлүк бе­рет. Кыймылдаткыч иштөө учурундагы кеңейүү тактынын жүрүшүндө муунактуу валга топтол­гон кинетикалык энергиянын эсебинен М. пор­шенди кыймылсыз чекиттен чыгарат, муунак­туу валдын бир калыпта айланышын, кийирүү, кысуу жана чыгарууну камсыз кылат. Өзүңө топ­толгон энергиянын эсебинен кыймылдаткычты от алдырат, автотракторду ордунан жылдырат жана күүлөнтөт, кыска мөөнөттүү чоң күчтү же­ңүүнү жеңилдетет. Ар кандай маркадагы дизель жана карбюраторлуу кыймылдаткычтардын М-теринин түзүлүшү бирдей. Алар бири-биринен өлчөмү, формасы жана массасы менен гана айры­маланат.