МАУРЬЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАУРЬЯЛАР - биздин заманга чейинки 4-2-к-дагы байыркы Ин­диядагы Магадха падышаларынын династиясы. Аны Чандрагупта I Маурья (биздин заманга чейинки 317-293-ж. башкарган) негиздеген. Ал Магадхага Түндүк-Ба­тыш Индия менен Чыгыш Афганстанды кошкон. Биндусара (биздин заманга чейинки 293-268-ж. башкарган) М. империясынын чек арасын Деканга чейин ке­ңейткен. М. мамлекети Ашоканын учурунда (биздин заманга чейинки 268-232-ж. башкарган) зор кубаттуулук­ка жетип, Калингу мамлекетин караткан жана Индиянын башка мамлекеттер менен маданий, экономикалык байланышын кыйла кенейткен. Биздин заманга чейинки 3-к-дын аягы - 2-к-дын башында М. мамлеке­ти начарлай баштаган. М-дын акыркы өкүлү Брихадратха биздин заманга чейинки 180-ж. кол башчысы Пу­шьямитро тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, бул династия жашоосун токтоткон.