МИСТРАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИСТРАЛЬ Габриэла (өз аты-жөнү - Лусила Го­дой Алькаяга; 4. 7. 1889, Кокоимбб обл., Вику­нья - 10. 1. 1957, Нью-Йорк) - чилилик акын, коомдук ишмер, дипломат, агартуучу, 16 жа­шынан мугалим болуп иштеген. Чыгармачылыгы 1904- жылдан башталган. 1914-жылы жарыкка чыккан

«Өлүм сонеттери» жыйнагы ага атак-даңк алып келген. Лирикаларында испан поэзиясынын салттары менен индей мифологиясынын анимист­тик образдуулугу айкалышта берилет: «Үмүтүн үзүү» (1922), «Талаа» (1938), «Жүзүм сыкчужер» (1954). М-дын лирикалары П. Неруданын чыг­лыгынын калыптанышына чоң таасир тийгиз­генетикалык Нобель сыйл. лауреаты (1945).

Чыг.: Избранное. М., 1999.