МИҢ-КУШ (суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢ-КУШ - Жумгал районундагы суу, Көкөме­рен суусунун сол куймасы. Узундугу 47 км, алабы­нын аянты 728 км2. Молдо-Тоонун түндүк капта­лынан башталып, нугу кууш; ортонку жана тө­мөнкү агымында өрөөнү кеңейет. Негизинен бу­лак (42%), мөңгү (28%), кар (25,4%) суулары­нан куралат. Ири куймалары: Чамынды (Узундугу 29 км), Туюк-Суу (13 км), Чоң-Таш (12 км). Жылдык орт. чыгымы 1,12 м3/сек, эң көп чы­гымы июнь-июлда, азы январь-февралда бай­калат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баш­тайт. Алабында таш көмүр кени бар. Жээгинде Миң-Куш шаарчасы, Сары-Булак кыш. жайгаш­кан. Уран кенташ калдыктары көмүлгөн жер.