МИКРОСКОП
МИКРОСКОП (микро... жана ...скоп) - көзгө көрүнбөгөн өтө майда объектилерди көрүүгө жана сүрөткө тартып алууга мүмкүндүк берүүчү оптикалык прибор. Азыркы М. менен чондугу 0,2 югден 0,0002 лгмжге чейинки объектилерди көрүүгө болот. Биринчи жолу 1609-10-ж. Г. Галилей өзү жасаган дүрбүнүн окуляры менен объектисинин ортосундагы аралыкты өзгөртүп, аны М. катары пайдаланган. 1625-жылы немис окумуштуусу Фабер аны «микроскоп» деп атаган. 1665-жылы англ. окумуштуу Р. Гук жаныбар жана өсүмдүк клеткаларынын түзүлүшүн көрүп, М-ту илимий изилдөөдө биринчи колдонгон. М. жарык менен иштөөчү жана электрондук болуп айырмаланат. Жарык М-у объектини 3000 эсе, электрондук М. ЮОООден 300000 эсеге чейин чоңойтуп көрсөтөт, ал эми сүрөткө тартканда 1 миллион эсе чоңойтот. Жарык М-у күндүн жана жасалма жарык булагынын (электр лампасынын) жарыгын пайдаланууга негизделген. Ал оптикалык жана механикалык бөлүктөн турат. Оптикалык бөлүгү объектив менен окулярдан турат. Объектив карап жаткан нерсенин чоңойтулган сүрөтүн түзөт, майда бөлүкчөлөрүн ажыратып көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. М-тун объективи кургак жана иммерсиялык болуп айырмаланат. Кургак объектив менен караганда фронталдык линза менен изилденүүчү объектинин ортосунда аба жатат. Иммерсиялык система менен иштөөдө айнек менен линзанын ортосунда гомогендик бир түрдүү чөйрө (май) орнотулат. М-тун окуляры нерсенин объективде чоңойтулган сүрөтүн көз менен кароо кызматын аткарат. Ал эки линзадан турат, нерсенин сүрөтүн кошумча чоңойтот. Ошондуктан М-тун жалпы чоңойтуусу объектив менен окулярдын чоңойтуусунун көбөйтүүсүнө барабар. Жарык М-у фаза контрасттык, люминесценттик, ультракызгылт көк нурлуу, уюлдук (полярдык), инференттик жана көрүү талаасы караңгы М-торго бөлүнөт. Жарык М-нан айырмаланып, электрондук М-то нерсеге электрондордун агымы жиберилет. М-тун жардамы менен микроорганизмдердин (бактериялардын, козу карындардын, вирустардын ж. б.), өсүмдүк жана жаныбар, адам клеткаларынын түзүлүшү, чоңдугу, формасы, ошондой эле металлдын, минералдык заттардын кристаллдык түзүлүшү ж. б. изилденет.