МИКОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКОЗДОР (грекче mykes - козу карын) - жаны­бар жана адамдын мите козу карындар пайда кылуучу жугуштуу оорулары. А д а м д а М. 2 топко (сырткы жана терең) бөлүнөт. Сырткы М. тери, тырмакты жабыркатат (дерматоми­коздор). Көбүрөк кездешүүчү М-го кандидоз, эпи­дермофития, трихофития ж. б. кирет. Орга­низмге козу карын менен булганган аба менен дем алганда, тамак-аш, тери жана былжыр чел

ар­кылуу жугат. М-дун пайда болушунда иммун жетишсиздик, начар тамактануу, өнөкөт оору­лар, антибиотикти, гормон дарыларын узакка кабыл алуу ж. б. чоң роль ойнойт. М-дун бёл­гилери оорунун түрүнө жана жайгашкан жерине жараша ар түрдүү болот.

М а л д а. Дерматомикоздор (парша, трихо­фития, микроспория) бодо малда, чакалай жылкы, ит, мышык, чочко, териси баалуу ай­бандарда, аспергиллёз куш жана бал аарыларда, кандидамикоз кушта, актиномикоз бодо мал­да, сапролегниоздор жана бранхиомикоз балык­та кездешет. Козгогуч жараат аркылуу, аэроген­дик (аба аркылуу) жана алиментардык (ооз ар­кылуу) жолдор менен кирип, малдын ички орган­дарын дартка чалдыктырат. Мында иммунитет пайда болбойт, ылаң кайталана берет. М. да­йыма өнөкөт түрдө өтөт. Эпизоотол. маалымат­тардын, клиникалык белгилердин жана патанат. өзгөрүүлөрдүн жана лабор. изилдөөнүн негизинде диагноз коюлат. М-ду дарылоо үчүн негизинен антибиотиктер (гризеофульвин, нистатин ж. б.), комплекстүү препараттар (миковет) жана фунги­циддер (көк таш, сулема ж. б.) колдонулат. Алдын алууда короо-сарайдын ичи-тышын ветеринариялык- санитариялык талапка ылайык таза кармоо, убагында дезинфекциялоо, малды сапаттуу тоют менен кам­сыз кылуу маанилүү. Д. Раимбеков.