МЕТЕОРОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТЕОРОЛОГИЯ (грекче meteora - атм. кубулуш жана ...логия) - атм. жана анда болуучу кубулуш­тарды изилдөөчү илим; геофизика илиминин бир тармагы. Атм-нын курамын жана түзүлүшүн, атм-дагы жана жер бетиндеги жылуулук алма­шуу жана жылуулук режими, атм-дагы ным ал­машуу менен суунун фаза боюнча алмашуусун, аба массаларынын кыймылын, атм-дагы электр­дик, акустикалык, оптикалык кубулуштарды изилдейт. Теориялык ыкмалардын негизинде кубу­луштардын өзгөрүшүн алдын ала эскертет. Өз ичинен климатология, аэрология, актиномет­рия, атмосфера оптикасы, атмосфералык электр жана акустика, физикалык метеорология, синоп­тикалык метеорология сыяктуу илимий тармактар­дан турат. Атм-да болуучу ири процесстерди (циклон, антициклон) маалымдайт. Авиациялык, а. ч., медициналык М. сыяктуу колдонмо түрлөрү да бар. Атм-га байкоо жүргүзүү иштери бийик тоолор­до жүргүзүлүп, кийин (18-к-дын аягында) аэрос­таттын жардамы менен ишке ашырылган. 19-к-да өзү жазуучу аспаптар (учуучу шарлар, зонддор) колдонулган. 1930-жылы П. А. Молчанов атм-нын бийик катмарларынан радио аркылуу маалымат берүүчү радиозондду ойлоп тапкан. Атм-нын жалпы циркуляциясын, ным алмашуу процесс­терин, кар катмарларын изилдөөдө орус клима­тологу жана географы Анын Ичинде Воейков зор салым кошкон. Азыркы кезде ар бир мамлекетте гидро­метеорология кызматы иштейт. Бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө Буткул дуйнөлук метеорология ую­му, Эл аралык метеорол. уюмдар жетекчилик кылат. Бишкек шаарында 1926-жылы М-лык бюро ишке киргизилип, кийин анын базасында гидроме­теорол. кызмат башкармасы уюштурулган.

Ад.: Пономаренко П. Н„ Селоустьев А. В. Климат горного края. Ф., 1972; Кислов А. В. Климат в прош­лом, настоящем и будущем. М., 2001; Семенчен­коБ.А. Физическая метеорология. М., 2002.