МЕНАНДР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕНАНДР Протиктор (т., өлгөн жылы белгисиз) — 6- к-дын 2-жарымындагы византиялык тарыхчы, дипломат. Император Маврикийдин тушу же 558-582-ж-дагы окуялар сүрөттөлгөн «Тарых» деген эмгектин автору. Бул эмгек негизинен кан­дайдыр бир деңгээлде Агафийдин «Юстиниан­дын падышачылыгы жөнүндө» деген китебинин уландысы болуп саналат. Мамлекеттик кызматта иш­тегендиктен, М. өз эмгегин жазууда дипломатиялык маа­лымат, византиялык элчилердин билдирүүлөрүн, уккандарын жана өз көзү менен көргөндөрдү пайда­ланган. Ал эмгекте түрктөр жазуу колдонгону жөнүндө биринчи жолу эскерилет. Мындан тышка­ры Византия императору Юстин Пнин түрк элчиси Маниахты кабыл алышы тууралуу ке­нен мааЛыматтар берилген. Түрк-Византия саясий мамилелери аркылуу М. түрктөрдүн эф­талиттер жана ирандыктар менен болгон байланы­шы, алардын үрп-адаттары жөнүндө да баалуу маа­лыматтар берген.

Чыг.: Менандр Протектор [Выдержки]/Пер. и комм. И. А. Левинской, С. Р. Тохтасьева//Свод древ­нейших письменных известий о славянах. Т. 1. М., 1994. Т. I.