МЕЛЬНИКОВ Борис Ильич
МЁЛЬНИКОВ Борис Ильич [1941-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Кемин району, Боролдой айылы] - техника илимдеринин доктору (1994), проф. (1997). КАЧИни (1969), ошол эле жерден аспирантураны (1974) бүтүргөн. Кыргыз ССРинин Мелиорация жана суу чарба министрлигинде гидротехник, КАЧИде лаборант, ассистент, Алжир Элдик Демокр. Респ-нын Мелиорация жана гидротехника институтунда проф., КАЧИде кафедра башчысы, декан, 1996-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАУда вице-президент, проф. Мелиорация, сугаруу дыйканчылыгы, тоо этектериндеги автоматташтырылган гидротех. курулуш тармактары боюнча адис. ИОдон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 20 методикалык окуу куралы, 20 автордук күбөлүк жана 5 патенттин ээси.
Эмг.: Расчет скоростей течения воды (на фр. яз.). Изд-е института гидротехники и мелиорации, Блида, АНДР, 1980; Орошение горных регионов//Горы Кыргызстана. Б., 2001.