МАШРИК
МАШРИК (арабча эль-Машрик - Чыгыш) - Египеттен Чыгышка (Магрибден айырмаланып) жана Араб ж. а-нан түндүккө карай орун алган араб өлкөлөрүн камтыган аймак. «М.» термини о. кылымда араб басып алууларынын алгачкы мезгилинде пайда болгон. Азыркы учурда М-ге Сирия, Ирак, Иордания, Израиль, Кувейт, Ливан, Сирия жана Палестина кирет. М. менен Магрибдин ортосунда Египет туруп, эки тараптын тең маданиятынын белгилерин бириктирип турат. Калкы, тили боюнча Магрибге жакын.