МАРТЕН ӨНДҮРҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:40, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРТЕН ӨНДҮРҮШҮ - металлургия жана ма­шина куруучу заводдордогу мартен мешинде керек­түү химиялык курамдагы болот өндүрүп алуу өндүрү­шү. Болот эритүүдө мындан башка кычкылтек­конвертер процесси, электр болот эритүү ыкмасы колдонулат. М. ө-нүн артыкчылыгы: 1) мартен процесси бардык өндүрүштө колдонулат; 2) ал­гачкы материалга талап коюлбайт; 3) эритүү процессин текшерүү, башкаруу иштери жеңил; 4) өндүрүлгөн болоттун сапаты жогору, ассор­тименти көп.

Мартен мешинин шихтасы металлдардан (чоюн, болот сыныктары, кычкылдатуучу жана легирлөөчү кошундулар) жана металл эместерден (темир кенташы, мартен агломераты, акиташ теги, боксит, плавик шпаты ж. б.) турат. Ших­танын курамына жараша бир нече (скрап-көмүр, скрап-кенташ, кенташ) технол. процесстерге бөлүнөт. Скрап-көмүр процессинде ших­танын металл бөлүгү болот сыныктарынан (скраптан) турат. Көмүртекке бай (антрацит, кокс, графит, таш көмүр) материалдарды кошуп, процесске керектүү көмүртек бөлүнүп алынат. Скрап кенташ процессинде шихтанын катуу бөлүгү скрап менен кенташтан, металлы чоюндан (50-80%) турат. К е н т а ш процес­синде шихта темир кенташынан жана суюлтул­ган чоюндан турат. Процесс мешти даярдоо, ага шихта толтуруу, ысытуу, суюк чоюн куюу же кесек, катуу чоюн сыныктарын салуу, эритип кайнатуу, кычкылдандыруу, легирлөө жана куюп алуу иштеринен турат. Мындан тышкары ко­шумча иштер аткарылат. Мартен меши сутка­сына 250-300 миң гболот эрите алат.