МАРКШЕЙДЕРЛИК АСПАПТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:35, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРКШЕЙДЕРЛИК АСПАПТАР - маркшейдер­лик иште, шахтада, карьерде, жер бетинде геометриялык ченөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуучу аспап­тар. Буга бурч өлчөгүчтөр (теодолит, тахеометр, бурч өлчөгүч), бийиктикти ченегичтер (нивелир, барометр, барограф), с ы з ы к т ы (а р а л ы к т ы) ч е н е г и ч (болот тасма, узундукту өлчөгүч), б а г ы т (азимут) аныктагыч (буссол, компас, деклинатор), оптикалык проектир­лер, отвестер, автоматтык өлчө­гүчтөр, фото грамметриялар, ошондой эле инклинометрлер, планиметрлер, панто­графтар ж. б. кирет.