МАРГАНЕЦ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:40, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРГАНЕЦ (латынча Мапеапшп), Mn - Элемент­тердин мезгилдик системасынын VII тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 25, атомдук массасы 54, 938, туруктуу бир изотобу 55Mn белгилүү. Жер кыртышында массасы боюнча 9·10-2% ин түзөт. Та­биятта эркин абалында кездешпейт. М. - күмүш түспөл ак, оор, морт металл, тыгызд. 7,4 г/см3, балкып эрүү 1 1245°С; кайноо I 2150°С; ат. радиусу 1,30°С; Бирикмелеринде 2ден 7ге чейинки ва­ленттүүлүктү көрсөтөт. Туруктуу окистенүү да­ражасы +2, +4 жана +7. Башкача айтканда бирикмелеринде анын окистенүү даражасынын өсүшү менен кислота­лык касиети күчөйт. М. абада окистенип, жука оксид кабыгы менен капталат. Жогорку температурада кычкылтек менен күчтүү аракеттенип, МпО, Мп2О3, Мп2О7 жана МпО'Мп2Оэ оксиддеринин аралашма­сын, галогендер менен галогениддерди, кукүрт менен сульфиддерди MnS, MnS2, азот менен нитридди Mn3N2 ж. б. бирикмелерди пайда кылат. MnO - бозомук-жашыл түстөгү күкүм, сууда, жегичтерде эрибейт, кислоталарда эрийт. Гидрооксиддери: Mn(OH)2 сууда эрибеген ак түстөгү зат, Mn(OH)4 - кочкул-күрөң түстөгү заттар, экөө тең сууда эри­бейт, амфотердүү начар кислоталык касиетке ээ. MnO2 - кара күрөң түстөгү зат. MnCl2 - кездеме боёчу күрөң боёк катары, MnS цинк сульфиди ZnS менен аралаштырганда караңгыда жарык берүүчү люминофорлорду жасоодо, нитраты Mn(NO3)2 фарфор боёкторун алууда колдонулат. М. өнөр жайда MnSO4тү суу эритмесине (NH4)2SO4тү кошуп электролиздөө, М. галонид­дерин калыбына келтирүү, алюминотермия жана электр термия жолдору менен алынат. Неги­зинен кара металлургияда, чоюн өндүрүүдө чоюн­дун балкып эрүү температурасын төмөндөтүүдө жана күкүрт­төн арылтууда колдонулат. М. кошулган болот сүрүлүүгө туруктуу болуп, т. ж. рельстерин, таш майдалоочу машиналардын жана аскердик танк тетиктерин жасоодо колдонулат. Эгерде М. баш­ка түстүү металлдарга кошулса, алардын куймаларынын катуулугу жогорулайт. М. ко­шулган айнек кызыл түскө ээ. Металлдарды коррозиядан сактоо үчүн Mn менен гальваника­лык каптоо жүргүзүлөт. М-тин бирикмелери гальваникалык элементтерди алууда, айнек, карапа жана полиграфия ө. ж-нда, а. ч-да, меди­цинада пайдаланылат. М. - өсүмдүк менен

жа­ныбардын тиричилигине өтө зарыл микро­элемент.