МАРКЕТИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:53, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРКЕТИНГ (англ. marketing, market - ры­нок) - рынокто түзүлгөн ар кандай кырдаалды эсепке алып, монополиялык пайда табуу мак­сатында жаңы продукция иштеп чыгаруу; то­варды сатуу же к.ызмат көрсөтүү боюнча ири кор­порациянын ишин башкаруу жана уюштуруу сис­темаларынын бири. Ишкердиктин өндүрүүчүдөн керектөөчүгө товар жана тейлөө кызматтарын ба­гыттаган бардык иш-чаралар жыйындысы. Алар - продукциянын ассортиментин пландоо, өндүрүлгөн продукцияга баа коюу, ташуу, дүң жана чекене соода, товар сактоо, аны кредитке берүү жана тейлөө кызматы, жарнама, М-дик изилдөөлөр ж. б. М-дин негизги иши - кардар­чылыкты, баа түзүлүшүн изилдөө, сатууну күчөтүү, товар түрлөрүн пландаштыруу. М. экономикалык секторлорго ылайык товар керектөөчүлөрүнүн М-и, тейлөө кызматынын М-и, финансы М-и ж. б. түрлөргө бөлүнөт. М. кызматы рынокто ага тиешелүү позицияларды бекемдеп жана өн­дүрүлгөн продукцияны сатуу боюнча бардык иш­чараларды камтыйт. Товарды өткөрүү - М-дин функцияларынын бири. М. рынокто кайсы то­варга суроо талап көп экенин изилдеп, анын жыйынтыгы боюнча фирманын иш-чараларын пландаштырып, чечим кабыл алат. Рынокту комплекстүү изилдөө үч багытта - рыноктогу суроо-талапты изилдөө, продукциянын конку­ренттүү түрүн жана тейлөө кызматтарын

анык­тоо, товар сатуу ыкмаларын изилдөө. Товардын конкреттүү түрүн чекене соодалоо жана аны тейлөө - компания кызматкерлеринин негизги максаты. Рынокту изилдөө - өндүрүш фирма­ларынын маанилүү маселеси. Калган багыттар жардамчы милдетти аткарат.

Ад.: Маршалл А. Принципы экономической науки. М., 1993; Николаева И. П. Экономический словарь. М., 2011; Б. Райзберг А., Лозовский Л. Ш. Словарь современных экономических терминов. М., 2009.