МАНДЕЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНДЕЛЛ Роберт Александр (24. 10. 1932-жылы туулган, Канада, Кингстон) - америкалык экономист, профессор (1971), Нобель сыйлыгы лауреаты (1999), Амери­канын маданият жана илим академиясынын мүчөсү (1998). 1953-жылы Британдык Колумбия университетин бүт­көн. 1956-жылы Вашингтон университетинде, Массачусетс технол. институтунда окуп, философия боюнча доктор­дук даражасын коргогон. 1961-жылы эл аралык валюта фондунда, 1966-71-жылы Чикаго университетинде иштеген. 1997-98-жылы Болондогу Джон Хопинс эл аралык изилдөө борборунда профессор М. валю­та зоналарынын салык саясатынын процент­тик ставкасын азайтуу теориясын 1960-жылда­ры эле ачкан, 1970-80-жылы анын өлкөдө эконо­миканы өнүктүрүү үчүн салыктарды кыскартуу боюнча оюн Р. Рейган жана анын өз коллегалары тарабынан колдоого алынган. М. көптөгөн эл аралык сыйлыктардын, ЮОдөн ашык илимий эм­гектин жана 8 монографиянын автору.