МАНАС ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАС ЧОКУСУ — Талас Ала-Тоосунун эң би­йик жери. Бийиктиги 4482 м. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнун түндүк тарапка кеткен тармагын­да жайгашкан жылаңач чоку. Капталдары өтө

тик, кар-мөңгү токтобойт. Палеозойдун сланец, акиташ теги, кумдук тоо тектеринен турат. Түштүк-чыгыш капталындагы мөңгүдөн Күркүрөө суусу башталат. Чокуга алгачкы жолу 1933-жылы москвалык альпинист Э. С. Левин чыккан.