МАМЛЕКЕТГИК КАРЫЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТГИК КАРЫЗ - юридикалык жана физикалык жак­тарга, чет өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга (сырт­кы карыз) ж. б. кандайдыр мөөнөт аралыгын­да өлкөнүн жабылбаган карыз милдеттенмеле­ринин жалпы суммасы. М. к. ар кандай себеп­тер (долбоорлорду ишке ашыруу ж. б.) менен алы­нат. Дүйнөдө тышкы карызы чоң өлкөлөргө АКШ (9 триллион доллар), Улуу Британия (7 триллион доллар), Германия (3 триллион долларга жакын), Франция (3 триллион долларга жакын), Япония (1,5 триллион доллардан ашуун), Россия (38 миллиард доллардан ашуун) кирет. Бүгүнкү күндө КР мүмкүн болушунча ички карызды (эмгек акы, пенсия, жөлөк пул ж. б.) өз убагында жапканга аракет кылууда, ал эми тышкы ка­рызы жалпы жонунан 2 миллиард 709 миллион 847 миң долларды (2011) түзөт. Анын ичинен ири ка­рыз берүүчүлөрү Эл аралык өнүктүрүү ассо­циациясы (684 миллион 230 миң доллар), Япония (338 миллион 945 миң доллар), ЭВФ (175 миллион 526 миң доллар), Кытай (151 миллион 127 миң доллар) ж. б.