МАМБЕТОВ Мырзабек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТОВ Мырзабек (17. 8. 1929, азыркы Талас

обл., Талас району, Бүлкүлдөк кыш. - 14. 2. 2005, ошол эле жер) - малчы, Социалисттик Эмг. Баа­тыры (1976), Кыргыз ССРи­нин мал чарбасына эмг. сиң. устат (1977). 1958-жыл­дан Талас р-нунун Октябр­дын 40 жылдыгы атындагы кол­хоздүн баш чабаны. Малдын

санын өстүрүүдө жана жүн кыркып алууда мык­ты көрсөткүчтөргө жетишип, 1976-жылы 534 тубар койдун ар жүзүнөн 156дан козу, ар койдон 4,0 кг жүн кыркып алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.