МАЛЯВИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:53, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЯВИН Филипп Андреевич [10 (22). 10. 1869, Самара губерниясы, Казанка кыш. (азыркы Оренбург обл., Тоцк району) - 23. 12. 1940, Ниц­ца] - орус живописчи жана график. 1906-жыл­дан Петербург көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү. 1885-91-жылы Ыйык Пантелеймон монас­тырында кечилдикти кабыл алган жана икона тартуу өнөрканасында иштеген. 1922-жылдан

Ф. А Малявин. «Дый­кан кызы».

чет өлкөдө жашаган. 1900-жылы М-дин «Күлкү» аттуу картинасы дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга татыган. «Көчмө көргөзмө» агымы анын чыгармаларына таасирин тийгизген. 1924-жыл­дан Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Шарпантье гале­реясында чыгармаларынын көргөзмөлөрүн өткөр­гөн. М. чыгармачылыгында орус тематикасын көтөрүп чыккан.