МАНУ ЗАКОНДОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:02, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНУ ЗАКОНДОРУ (санскритче манавадхар­машастра) - индилердин жеке жана коомдук тур­мушун аныктаган байыркы диний-укуктук нор­малар жыйнагы. Инди салты боюнча М. з-н миф­тик адам ата Ману түзгөн деп эсептелет. М. з. санскрит тили менен ыр түрүндө жазылып, 12 бөлүмдөн турат. Чыгармада аалам, адам коо­му, катмарлар - варналардын пайда болушу, адам билим алып жаткан учурда кандай эреже­лер менен жашаш керек, үй-бүлөлүү адамдын жа­шоо эрежелери, падышанын милдеттери жана мамлекетти башкаруу, сот иштерин жүргүзүү, ар кандай кылмыштарды жазалоо ж. б. жөнүндө байыркы индилердин көз караштары баянда­латынча Окумуштуулар Георг Бюлер биздин заманга чейинки 2 - биздин замандын 2-к-нда түзүлгөн деп эсептесе, Пандуранг Ваман Кане биздин заманга чейинки 2 - биздин замандын 1-к-нда, К. П. Жаясвала мындан да так маалыматты көрсөтүп, биздин заманга чейинки 150-120-жылы түзүлсө керек деген пикирлерин билдирет. М. з-ндагы негизги материал биздин заманга чейинки 4-2-к-дагы Маурьялар империясынын мезги­лине таандык (бирок андан да мурдагылары бар). М. з. англис тилине 1794-жылы (котормочу Уильям Жонс), орус тилине 1913-жылы (котормо­чу С. Д. Эльманович) которулган. М. з. - Ба­йыркы Индиянын социалдык-экономикалык тарыхын жана маданиятын изилдөөдө баалуу булак.