МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯЛАР - КР өкмө­түнө караштуу жана анын жетекчилиги менен иш­теген, мамлекеттик тармактарды башкара турган бий­лик органдары. Мамлекеттик турмуштун кыйла маа­нилүү маселелерин, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу маселелерди комплекстүү чечүү үчүн КР Өкмөтү туруктуу жана убактылуу комис­сияларды түзөт.