МАМАТУРДИЕВ Ашыралы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМАТУРДИЕВ Ашыралы (16. 5. 1899, азыр­кы Ош обл., Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак кыш. - 6. 4. 1985, ошол эле жер) - пахтакер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951). Эмгек жо­лун 1925-жылы көмүр шахта­сында

бургулоочу болуп иш­төөдөн баштап, 1948-жыл­дан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кызыл-Шарк» колхозунда колхозчу, 1949- жылдан пахта өстүрүүчү зве­нонун башчысы болуп иш­теген. 1950-жылы ал жетектеген звено 6 га аянттагы пахтанын ар гектарынан 66,3 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.