МАМЫТОВ Абакир

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЫТОВ Абакир (18. 6. 1954-жылы т„ Ош обл„ Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Кара-Кочкор айылы) - педагог, педагогика илимдеринин доктору (1998), профессор (1993), КРдин билим берүүсүнө эмг.

сиң. кызматкер (1995), эл агартуусунун отличниги

(1995). Казак Респ-нын би­лим берүүсүнүн ардактуу кызматкери (2008), Педаго­гика илимдеринин академиясы­нын чет өлкөлүк корр. мү­чөсү (2011). КРдин Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун бүтүргөн (1976). 1979-жыл­дан КМДТИде окутуучу, проректор (1982-92), доцент (1986), ректор (1992-2005), КРдин коомдук олим­пия академиясынын төрагасы (1994-2005). Чүй университетинин биринчи проректору, ректору (2005- 07), КРдин билим берүү жана илим министрли­гиндеги башкармалыктын башчысы (2007), Кыргыз билим берүү академиясынын президен­ти (2007-жылдан). «Спорт теориясы» (2002), «Кыргызстандагы жогорку дене тарбия билими: азыркы абалы жана келечеги» (1998), «Сала­маттыгыңды сактай бил» (1996), «Сымбаттуу болуу өзүңдөн» (1988) ж. б. 55тен ашык ил„ методикалык эмгектердин автору.