МАМЫ-ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЫ-ТАШ - Соңкөлдүн тескейиндеги археол. эстелик. «Жылдыз-Көл» ж. б. майда көлдөрдүн чыгыш тарабында жайгашкан. Жерден 90 слгдей

чыгып турат, канчасы жер астында экени бел­гисиз. Ал жерде таш тулгалар жана Акку­ланын мамысы да бар. М.-т. таш тулгалардан 4-5 лгдей обочо жерде. Аккуланын мамысы­нан саал ичке, төрт кырдуу. Уламыш боюнча Ма­нас кырк чоросу менен Соң-Көлгө келип, Акку­ланы мамыга байлап, өздөрү ал жерге эс алып жатып, тамак бышырып, түнөп кеткен. М.-т. бышырган тамактарды таш тулгадан ат менен ташып жеткирип турган чабармандын аты байланган мамы делет. Таш тулгалар ушул мезгилге чейин ал жерде сакталып калган.