МАМБЕГАКУНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕГАКУНОВ Молдосейит [5. 11. 1952-жылы туулган,

Тянь-Шань (азыркы Нарын) обл., Ат-Башы району, Кошой айылы] - режиссёр, доцент (2009), профессор (2011), КРдин маданиятынаэмг. сиң. ишмери (1993), КРдин эл арт. (2002). Б. Бейшена­лиева атындагы КМИИни бүтүр­гөн (1977). Кыргыз телера­дио комитетинде режиссёр ассис­тенти (1977-78), режиссёр (1978- 80), башкы режиссер (1980-90), программа боюнча директор (1990-91), Чүй обл. Телерадиокомпаниянын

төрагасы (1991-96), КТРдин биринчи вице-пре­зиденти (1996-2001, 2002-05), президенти (2001- 02), КМИИде окутуучу (2000-05), бөлүм башчы, профессор (2006-08), проректор (2008-09), М. Каш­гари атындагы Чыгыш университетин окутуучусу, профессор (2003- 06), Евразия телеакадемиясынын жана Кыргыз кино академиясынын академиги (2004-жылдан), «Казына» радиосунун режиссёру (2005-07), Кыр­гыз-Түрк «Манас» университетинде окутуучу (2007-08), доцент (2008-10), кафедра башчысы (2010-11), профессор (2011-жылдан). «Көч» даректүү фильми үчүн ЭКФтерде Гран-прини (2011, Казан; Ката, 2012), Кыргызстанда «Ак илбирс» кинофестивалын­да баш байгени (2012) жеңип алган. Бир нече медаль менен сыйланган.