МАЛЫШЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЫШЕВ Сергей Степанович (1925-жылы туулган, Ле­нинград) - геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгы лауреа­ты (1976). 1949-жылы Фрунзеде коллекторлорду даярдоочу курсту бүткөн. Кыргыз ССР Геоло­гия башкармалыгынын геол. партияларында коллектор, геолог, отряд жетекчиси. Кыргызстанда­гы жаңы кен байлыктарды ачууда жана чал­гындоодо көп эмгек сиңирген. II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени менен сыйлан­ган. Калай кендерин ачууда салымы үчүн «Кен­ди биринчи ачуучу» деген төш белги менен сый­ланган.