МАЛТАБАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛТАБАР - Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Полтавка айыл аймагына караштуу. Бишкек - Ташкент автомобиль жолунан 7 км түндүгүрөөктө, деңиз деңгээлинен 692 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. беке­ти Кара-Балта ш-нан 15 км батыш тарапта. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 3076 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.