МАРКАЗ
МАРКАЗ (арабча борбор; мурдагы Айрибаз)- Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Марказ айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 20 км чыгыш тарапта, Кувасай т. ж. бекетинен 10 км. Кыштак 1922-жылы негизделген. Калкы 5310 (2009); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, ФАП, клуб, китепкана бар. Тамактануу жана соода жайлары, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.