МАНДАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНДАТ (латынча тапс1а1ит - тапшырма) - тап­шырма) - ыйгарым укук, тапшырма; ыйгарым укукту өкүлчүлүктүү күбөлөндүрүүчү документ. Депутаттык М. - өкүлдүк органдын депутаттык ыйгарым укугу, аны күбөлөндүрүп, ошондой эле ал баш мыйзам жана конституциялык-укуктук актылар аркылуу аныкталат. Демокр. мамлекеттерде депутатты кайсы бир шайлоо округунун эмес, жалпы улуттун өкүлү катары караган жалпы улуттук М. кабыл алынган. Анда депутатка шайлоочулардын суроо-талаптарына карабай, М. мөөнөтү бүткөнгө чейин кайра чакырып алынбай турган укук берилет.