«МАНАС» ЭПОСУНУН АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛЫШЫ (1995-97

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МАНАС» ЭПОСУНУН АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛЫШЫ (1995-97) КР УИАнын Ч. Айтма­тов атындагы Тил, адабият институтунун директору А. Ак­маталиевдин жетекчилиги менен иш жүзүнө ашкан. Алгач С. Орозбаковдун варианты ака­дем. басылыш түрүндө жарык көрө баштаган. С. Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» бөлүмү­нүн 6 томдугу жана С. Каралаевдин варианты­нын 3 томдугу жарыкка чыкты, ага удаалаш эле «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрү да жарык көрмөкчү. Кыргыз элинин улуу мурасы, улут­тук сыймыгы болгон «Манас» эпосу - мазмуну­нун кеңдиги, баяндалган ой-түшүнүктөрүнүн терендиги, көркөмдүк деңгээлинин кол жеткис бийиктиги менен жалпы адамзаттык рухий ка­зынада ардактуу орундардын бирин ээлеген уни­калдуу көркөм дөөлөт. Эпостун академиялык басылы­шы дүйнө элдеринин бул чыгармага кызыккан өкүлдөрүнө «Манастын» улуттук касиеттерин таасын көрсөтүп, терең түшүнүүгө көмөк бол­мокчу. Сагымбайдын вариантынын мыкты са­пат-касиеттери мурунтан эле «Манас» изилдөө­чүлөр тарабынан сөзгө алынып, жогору баала­нып келгендигине карабастан, узак жылдар бою түрдүү себептер менен анын тексттерин толук түрдө жарыялоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Чоң күч жумшалып, азап-тозок менен жарыкка чыгарыл­ган айрым үзүндүлөр да же ондолуп, же абдан кыскартылган түрдө жарыяланып келген. Ошондуктан өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрүп, «Манаста» мурда кандай айтылса, ошол түрүндө элге жеткирүү мүмкүнчүлүгү туулганда Сагым­байдын вариантын толук, академиялык басылышын чы­гаруу идеясы колго алынып, КР УИА Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору­нун «Манас» бөлүмүнүн кызматкерлери текст­терди басмага даярдоо ишине киришкен. Иш коллектив үчүн таптакыр жаңы, көп кырдуу, өзгөчө татаал, зор көлөмдүү болгондуктан, өтө көп күч-аракетти, узак убакытты, системалуу эмгекти талап кылган. Мындай зор көлөмдөгү чыгарманын академиялык басылышынын чыгаруунун дүйнөнүн башка элдеринде мурда-кийин таж­рыйбасы да белгисиз болгондуктан, коллектив­дин сунушу боюнча С. Мусаев тарабынан фоль­клор илиминдеги тажрыйбаларга, кеңири бел­гилүү жыйынтыктарга таянуу менен «Манас» эпо­сунун өзгөчөлүгү, көлөмү, көп варианттуулугу, варианттарынын мүнөзү, тексттеринин качан, кандай жазылгандыгы ж. б. эске алынып, «Ма­нас» эпосун академиялык бастырууга даярдоонун негизги принциптери иштелип чыккан. Иш негизинен ошол жол-жобо, принциптерге таянып жүзөгө ашырылып жатат. С. Орозбаковдун варианты­нын көркөмдүк деңгээли жогору экендиги баа­рына маалым. Ал туурасында кезинде А. Осмо­нов, К. Маликов, Ч. Айтматов да өз ойлорун айтышкан. Бирок, академиялык басылышка даярдалып жаткан 180 миңден ашуун ыр жолунан турган тексттердин сапаттык деңгээли бир кылка эмес. Мындай зор көлөмдөгү чыгарма баштан аяк бирдей, эң жогорку деңгээлде болушу мүмкүн да эмес. Академиялык басылышта солгун чыккан ыр саптары да кезигип, алар эч кыскартуусуз бе­рилген. Бул басылыштын ичине кирген, эл ара­сында көп аткарылып, электен өтүп, терең иш­телип чыккан эпостогу салттык туруктуу окуя­эпизоддор мазмуну жактан да, формасы боюнча да жогорку деңгээлде. Булардын катарына «Манас­тын төрөлүшү, балалык чагы», «Ала-Тоону душмандардан бошотуу», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң чабуул» ж. б. кошууга болот. Ал эми анча көп аткарылбаган же жаздыруу учурунда алгач киргизилген, ошондой эле сырткы себептердин тааси­ри менен чала айтылган эпизоддор албетте мын­дай жогорку деңгээлде болбойт. Биринчи томдо тексттерден мурда Р. 3. Кыдырбаева, С. Мусаев жазган баш сөздөрү берилген. Алардын мазму­ну эпоско жалпы мүнөздөмө берүү, жыйноо, ба­стыруу, изилдөөлөр жөнүндө кабарлар, манасчылар­дын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү сыяктуу маалымат­тарды камтыйт. Негизги тексттерден кийин, зор эмгекти талап кылган түшүндүрмө бөлүмү бе­рилген. Мында, «Тексттердеги айрым сөздөрдүн катчылар тарабынан жазылышы», «Айрым сөз­дөрдүн түшүндүрмөлөрү жана комментарийлери», «Китепке кирген окуяларда кезиккен адам ат­тары», «Окуяларда учураган топонимдер», «Бул китепке кирген эпизоддордун мурда жарык көргөн үлгүлөрү», «Айрым белгилүү манасчылар, алардын варианттары жөнүндө» (Тоголок Мол­до, Ж. Кожеков, Ш. Рысмендиев, Б. Сазанов, М. Мусулманкулов, Ы. Абдырахманов, С. Кара­лаев, М. Чокморов) сыяктуу темаларга бө­лүштүрүлүп, өз-өзүнө тиешелүү иштер жүргү­зүлгөн.

|С. Мусаев|, А. Акматалиев.