МАМЛЕКЕТТИК ЧЫККЫНЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК ЧЫККЫНЧЫЛЫК - мамлекет­тин сырткы коопсуздугу, конституциялык түзүлүшү, эгемендүүлүгү, коргонуу жөндөмдүүлү­гү ж. б. каршы кылмыш. Кыргызстанда М. ч. кыл­мыш курамынын түздөн-түз объектиси болуп КРдин тышкы коопсуздугу эсептелинет; неги­зинен андагы мамлекеттик жашыруун сырларды ачуу (к. Мамлекеттик сыр), таркатуу өтө оор кыл­мышка кирет. М. ч-тын объективдүү жагы тө­мөндөгү белгилерден турат: 1) мамлекеттик жашыруун сырларды ачып берүү; 2) КРдин тышкы кооп­суздугуна зыян келтирген кастык иш жасоо. Эгерде зыян такталбаса, анда М. ч-ка даярда­нуу же болбосо далалат кылуу деп квали­фикацияланышы керек. М. ч-тын субъектиси болуп КРдин акыл-эси соо, 16 жашка толгон жараны табылат.

Ад.: Шумилов А. Ю. Преступления против основ конституционного строя и безопасности государства. М., 2001.